Nokia 1110i - Сиздин коопсуздугуңуз үчүн 

background image

Сиздин коопсуздугуңуз үчүн

Бул жөнөкөй көрсөтмөлөрдү окуңуз. Аларды сактабоо

коркунучка же мыйзамсыз иштерге алып келект. Кошумча

маалымат үчүн колдонуу боюнча көрсөтмөлөрдүн

баарын окуп чыгыңыз.

КООПСУЗ ЖАНДЫРУУ

Зымы жок телефонду колдонууга тыюуу

салынган учурда, тоскоолдуу же кооптуу

учурда аппаратыңызды жандырбаңыз.

ЖОЛ КООПСУЗДУГУ БИРИНЧИ ОРУНДА

БОЛУШУ ЗАРЫЛ

Жергиликтүү мыйзамдарга баш ийиңиз.

Айдоо учурунда Унааны айдоо үчүн колуңузду

ар дайым бош кармаңыз. Айдоо учурунда

биринчи орунда жол коопсуздугу болуш керек.

ТОСКООЛДУКТАР

Баардык зымы жок аппараттар, иштөөлөрүнө

таасир эткен, тоскоолдуктарды тез кабыл

алуу касиетине ээ.

background image

С и з д и н к о о п с у з д у г у ң у з ү ч ү н

8

БЕЙТАПКАНАЛАРДА ӨЧҮРҮҢҮЗ

Коюлган чектерге баш ийиңиз. Медициналык

жабдуулардын жанында аппаратты өчүрүп

коюууңуз зарыл.

УЧАКТЫН ИЧИНДЕ ӨЧҮРҮҢҮЗ

Коюлган чектерге баш ийиңиз. Медициналык

жабдуулардын жанында аппаратты өчүрүп

коюшуңуз зарыл.

МАЙ КУЮУУ УЧУРУНДА ӨЧҮРҮП КОЮҢУЗ

Май куюуу жайларында аппаратты

колдонбооңуз талап кылынат. Бензин же

химиялык заттардын жанында колдонбоңуз.

ЖАРЫЛУУЧУ ЗАТТАРДЫН ЖАНЫНДА

ӨЧҮРҮП КОЮҢУЗ

Коюлган чектерге баш ийиңиз. Жардыруулар

жүрүп жаткан жерлерде аппаратты

колдонбоңуз.

ОРДУ МЕНЕН КОЛДОНУУ

Документте көрсөтүлгөндөй туура калпта

гана колдонуңуз. Керексиз учурда антеннага

тийбеңиз.

background image

С и з д и н к о о п с у з д у г у ң у з ү ч ү н

9

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТЕЙЛӨӨ

Бул продуктту квалификациясы бар

кызматчылар гана орното жана оңдой алат.

ЖАБДУУЛАР ЖАНА БАТАРЕЙКАЛАР

Бекитилген жабдуулар менен батарейкаларды

гана колдонуңуз. Туура келбеген продукттарга

туташтырбаңыз.

СУУГА ТУРУШТУГУ

Сиздин телефоңыздын сууга туруштугу жок.

Кургак кармаңыз.

АШЫКЧА КӨЧҮРМӨЛӨР

Ашык көчүрмөлөрдү жасап коюууну

унутпаңыз, же аппаратыңыздагы эң маанилүү

маалыматтардын кол жазма түрүндөгү

көчүрмөсүн сактоо дагы ашыкча болбойт.

БАШКА АППАРАТТАРГА ТУТАШТЫРУУ

Башка аппаратка туташтыруудан мурун,

коопсуздук көрсөтмөлөрүн алуу үчүн ал

аппараттын колдонмосу менен таанышыңыз.

Туура келбеген продукттарга туташтырбаңыз.

background image

С и з д и н к о о п с у з д у г у ң у з ү ч ү н

10

ТЕЗ ЖАРДАМ ЧАКЫРЫКТАРЫ

Аппаратыңыздын чакыруу жасоо бөлүгүнүн

иштеп жатканына ишенимдүү болуңуз.

Чакырууну аяктоо баскычын бир нече жолу

басып экранды тазалап күтүү режимине

өтүңүз. Тез жардам номерин терип чалуу

баскычын басыңыз. Жайгашкан жериңиздин

дарегин бериңиз. Уруксаат берилгенге чейин

чакырыкты токтотпоңуз.

Сиздин аппаратыңыз жөнүндө

Бул жолдомодо сүрөттөлгөн радио аппарат EGSM 900

жана GSM 1800 түйүндөрүндө колдонууга бекитилген.

Түйүндөр жөнүндө кошумча маалымат үчүн тейлөө

кызматына кайрылыңыз.
Бул аппараттагы кызматтарды колдонгондо баардык

мыйзамдарга баш ийип, башкалардын жеке менчиктик

жана мыйзамдык укуктарына сыйлоо менен мамиле

кылыңыз.

Эскертүү: Ойготуу саатынын функциясынан

башка функцияларын аппараттын жандырылган

маалында гана колдонуу мүмкүн. Зымсыз

аппарат колдонуу учурунда тоскоолдук же

background image

С и з д и н к о о п с у з д у г у ң у з ү ч ү н

11

коркунуч туудурушу мумкун болгон учурда

зымсыз аппаратты жандыруу сунуш кылынбайт.

Түйүндүк кызматтар

Телефонду колдонуу үчүн Сизде зымсыз тейлоо

кызматынан тейлөө болушу керек. Бул аппараттын

көпчүлүк кызматтарынын иштөөсү, радио аппаратынын

түйүнүндөгү берилген кызматтарга жараша болот. Бул

түйүндөгү кызматтар баардык түйүндөрдө болбошу

мүмкүн, же түйүндөгү кызматтарды колдонуудан мурда

тейлөө кызматы менен атайын макулдашууңуз абзел.

Сиздин тейлөө кызматыңызга сизге атайын аларды

колдонуу боюнча багыттамаларды жана баалары боюнча

маалыматтарды берүүсү талап кылынышы мүмкүн.

Кээ бир түйүндөрдө, Сиздин түйүндөрдү колдонууңузга

таасирин тийгизүүчү чектердин коюлушу мүмкүн.

Мисалы, кээ бир түйүндөр баардык тилдерге тиешелүү

символдорду жана кызматтарды колдобошу мүмкүн.
Сизди кызмат менен камсыз кылуучу кызмат белгилүү

бир функцияларды иштен чыгарып коюуүнү же

активациялоону жүргүзбөөнү талап кылышы мүмкүн.

Эгер андай болсо, мындай функциялар сиздин

аппаратыңыздын менюсунда болбойт. Ошондой эле

background image

С и з д и н к о о п с у з д у г у ң у з ү ч ү н

12

сиздин аппаратыңыздын меню аттарын, ирээтин жана

символдорун өзгөртүү боюнча атайын конфигурациясы

болушу мүмкүн. Кошумча маалымат үчүн кызмат

камсыздоочуңуз менен байланышыңыз.

Заряддоочу жана туташтырылуучу

бөлүктөр

Батарейканы алып салуудан мурда дайыма заряддоо

бөлүкчөсүнөн ажыратып, аппаратты өчүрүү сунуш этилет.
Заряддоо бөлүкчөсүнүн моделин бул аппарат менен

колдонуудан мурун текшериңиз. Бул аппарат AC-2,

ACP-7 жана ACP-12 заряддочу бөлүктөр менен камсыз

болгондо гана колдонууга мүмкүн.

Эскертүү: Берилген моделге Nokia тарабынан

бекитилген гана батарейкаларды, заряддык

бөлүкчөлөрдү жана кошумча жабдууларды

колдонуңуз. Башка туура келбеген түрлөрдү

колдонуу гарантиянын жана бекитменин

бузулушуна алып келет жана коркүнүч

туудурушу мүмкүн.

Бекитилген жабдуулардын бар же жогун дилериңизден

билсеңиз болот.

background image

Ж а л п ы м а а л ы м а т

13