Nokia 1110i - Кароо жана сактоо 

background image

Кароо жана сактоо

Сиздин аппаратыңыз жогорку дизайн жана чебердик

өнүмү ошондуктан абайлап колдонуш керек. Кийиңки

сунуштар сиздин гарантия камтуунун коргоосуна

жардам беришет.

Аппаратты кургак кармаңыз. Нымдуулук жана

суюктуктун баардык түрлөрү, электрондук

схемалардын бузулушуна алып келе турган

минералдарды камтышы мүмкүн. Эгер аппаратыңыз

суу болуп калса, батареясын алып чыгып, биротоло

кургатып туруп анан салыңыз.

Аппаратты чаңдуу, кир жерлерде пайдаланбагыңыз.

Анын жылдырма бөлүктөрү жана электроникалык

компоненттери зыянга учурайт.

Ысык жерде аппараттү сактабаңыз. Жогорку

температуралар электроникалык аппараттардын

кызмат мөөнөтүн кыскартат, батарейкаларга зыян

келтирип салат жана белгилүү пластиктерди

ийрейтип же эритип салат.

background image

К а р о о ж а н а с а к т о о

52

Муздак жерде аппаратты сактабаңыз. Аппарат

нормалдуу температурага келгенде ичинде ным

пайда болот жана электроникалык айлануу

такталарга зыян келтирет.

Аппаратты бул колдонмодо берилген

инструкциялардан тышкары жол менен ачканга

аракент кылбаңыз.

Аппаратты түшүрбөгүңүз, урбагыңыз жана

силкибегиңиз. Орой кармоо ичиндеги айлануу

такталарды жана ички механикасын сындырып

коюшу мүмкүн.

Аппаратты тазалоо үчүн күчтүү химиялык тазалоо

эриткичтерди же күчтүү детергенттерди

пайдаланбаңыз.

Аппаратты боёбоңуз. Боёк жыла турган бөлүктөрдүн

жылышын кыйындатып, канааттандыраарлык

иштөөгө тоскоол кылат.

Камсыз кылынган жана бекитилген гана алмаштыруу

антеннасын колдонуңуз. Уруксатсыз антенналар,

модификациялар же бекитүүлөр аппаратты бузат

жана радио аппараттарды башкарган эрежелерге

каршы келиши мүмкүн.

background image

К а р о о ж а н а с а к т о о

53

Заряддагычтарды үйдүн ичинде пайдалаңыз.

Дайыма контакттар жана календардык жазуулар

сыяктуу информациянын кайталоочусун

пайдаланыңыз.

Бул сунуштарды сиздин аппаратыңызга, батарейкасына,

заряддагычка жана баардык жабдууга пайдаланса

болот. Эгер аппарат канаатандырарлык иштебесе, анда

аны жакынкы расмий тейлөө кызматына алып барыңыз.

background image

К о ш у м ч а к о о п с у з д у к м а а л ы м а т

54